Орусиянын Ингуш жумуриятынын соту бүгүн төрт чеченди 17 жылга эркинен ажыратууга кести. Алар мындан бир жарым жыл мурда ингуш полициясына жасалган чабуулга катышкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. 2004-жылдын июнунда болгон кагылышууда 79 адам өлүп, жүздөн ашык киши жараат алган.