Былтыр июлда күрт активисти Шиван Кадери деген жигит Ирандын коопсуздук кызматтарынын колунан каза тапкан. Окуядан кийин бир катар күрт шаарларында нааразылык тутанып, демонстранттар Кадерини өлтүргөн адамдардын жазаланышын талап кылышкан. Хьюман Райтс Уоч уюмунун маалыматына ылайык, полиция элге ок ачып, кеминде 17 киши мерт кеткен. Бир катар укук коргоочу, анын ичинде “Күрт аялдар Күрдистандагы тынчтыкты колдойт” аттуу ассоциациянын жетекчиси Ройя Толои камакка алынган.
Ройя айым эки айдан кийин, октябрда бошотулган.
-Бардыгы болуп мага 10 чакты айып тагылды. Башкаларга уруксат берилген нерселер мага келгенде кылмыш деп сыпатталды. Мисалы, Ирактын Ал-Сулаймания шаарында жарык көргөн күрт тилиндеги китебим кылмыш катары кабыл алынды. Эң олуттуу айып – улуттун коопсуздугуна каршы аракеттенүү. Чет өлкөлүк радиостанцияларга берген интервьюларым бийликти каралаган үгүт деп табылды,-деди Ройя айым.
Санандай жана башка күрт шаарларындагы акциялардын негизги уюштуруучусу болгонсуң деген айыпты моюнга алдырыш үчүн сурак маалында катуу кысым көрсөтүштү, - деп улантат укук коргоочу:
Күнөөңдү моюнга алганыңды жазып бер дешти. Мен адвокатым келгенде гана сүйлөшөм деп жазсам, бетиме күлүштү. Мен анда бул - адам укуктарына каршы келет, адвокатымды көрүүгө укугум бар деп жаздым. Анда суракка алып жаткандар балдарымды алып келүүнү буйрушуп, аларды сенин көзүңчө тирүү бойдон өрттөйбүз деп коркутушту, - деген Ройя ага психологиялык гана кысым көргөзүлбөстөн, уруп сабалганын да айтат:
6-августтун түнүндө мени Күрдистандын баш прокурорунун орун басары Амири өзү мыкаачылык менен кыйнап, оозго алынгыз сөздөрдү колдонду.
Андан кийин Толои адам өлтүрүү жана маңзаттарын ташуу үчүн айыпталган кылмышкерлер отурган түрмөгө которулган. Бул дагы кысымдын бир түрү болгон. Бирок Ройя үн чыкпай отуруп калган жок. Ирандын атомдук программасына тынчсыздануусун билдирип келаткан эларалык коомчулук өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушуна көбүрөөк көңүл бурууга тийиш, – деп эсептейт Толои:
Мен түрмөдө кыйноолорго туш болдум. Бул жөнүндө дүйнөдөгү бардык укук коргоо уюмдарга даттанам. Ислам республикасынын иши Коопсуздук кеңешине өзөктүк программасы үчүн гана эмес адам укуктарынын бузулушу үчүн берилиши керек. Бул - Иран элинин негизги көйгөйү.
Маегинин соңунда Ройя айым ирандык аялдарга кайрылып, коркутуп-үркүтүүлөргө моюн сунбоого чакырды:
Башыман кечиргеним жөнүндө сөз кылуу оңой эмес. Аялдардын укуктарын коргогон активисттер камакка алынса кыйноолорго учурайбыз деп коркуп калышы ыктымал деп ойлойм. Өз укуктары үчүн күрөшүп жаткан Ирандагы бардык аялдарга күрөшүн эрдик менен уланта берүүгө үндөйт элем.
Хьюман Райтс Уоч уюму Ирандын абактарындагы кыйноолор кадыресе көрүнүш дешет. Июлда өлкөнүн консервативдүү соттору айрым түрмөлөрдө адам укуктарын бузуу фатылары, анын ичинде кыйноолор орун алганын моюнга алышкан.