Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНДАГЫ НААРАЗЫЛЫК КАЙДАН ЧЫКТЫ? “КИРГИЗ” ДЕПУТАТТАР


Өткөн жумадан тарта өкмөттүк массалык маалымат каражаттарынын биринин баш редактору, биринин вице-президентинин бошогондугуна нааразы болгон журналисттер өз позицияларын билдирүүдө. Мына ушул окуялар кыргыз басма сөз каражаттарынын башкы темасы бойдон калууда.

Массалык маалымат каражаттарынын айланасындагы болуп жаткан окуялар абдан палитралуу болууда. Журналисттердин нааразычылыгын чагылдырган акыркы факты катары «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору жана мамлекеттик телерадио компаниясынын вице-президентин алмаштыруу маселеси болду.
31-январда Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыккан радионун айрым кызматкерлери мурдагы вице- президент Жылдыз Муслимованын эч кандай негизи жок эле кызматынан алынышына байланыштуу Байма Сутенованы кетирип, кайра аны ордуна коюу талаптарын коюшкан. “Жаңы кылым” гезити жума 3-февралда чыга турган санында жазылгандай, “кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей телерадиокомпаниянын жоон топ кызматкерлери бекеринен нааразылык билдирип жатпаса керек. Бирок алар эмнегедир Акүйдүн алдына эмес Жогорку Кеңештин алдына чыгып жатышкандыктарын кандайча түшөнөбүз?”, деп жазат автор.

“Кыргыз Туусу” гезитинин жамааты да башкы редакторду алмаштыруу боюнча өкмөттүн токтомуна макул эместигин билдирип пикетке чыгышты. Макала автору Жума Мамбетовдун пикиринде, кийинки кездерде президенттин, өкмөттүн чечимдерине макул болбогон нааразылык көрсөтүүлөр көбөйүп кетти. “Жаман адаттын баары жугуштуу” болуп мындай терс көрүнүштөр бирибизден-бирибизге өтүп жаткан жокпу?”дейт автор.

Радиодогу чатак тууралуу “Вечерний Бишкек”гезити да жазды. Ал 1-февралдагы санында кыргыз радиосунун айрым кызматкерлери ачкачылык жарыялаганы туурасында кабарлады. Гезитте кабрлангандай, пикетке чыккан кызматкерлер радио уктуруулары боюнча жаңы дайындалган жетекчи алдында иштөөдөн баш тартышты. Алар Байма Сутенованын кетүүсүн талап кылышууда. Ал эми өзү Байма Сутенова гезитке билдиргенине карганда, ар бир адамдын өзүнүн пикирин айтууга укугу бар. “Эгерде алар ачкачылык жарыялагысы келип жатса, өз эрки.Бирок мага коюлуп жаткан айыптар-негизсиз”, деп Байма Сутенова гезитке билдирген.

Ушул эле темада “Заман Кыргызстан” гезитинде “Эки редактордун ыңгайсыз абалы, радиочулардын канааттандырылбаган талабы” деген макалада кеңири баяндалат. Анда макала автору Нүргүл Максутова бул окуянын хронологиясын келтирип, айрым саясатчылардын жана ишмерлердин пикири берилет.

Соңку күндөрдүн биринде Жогорку Кеңеш Алдаяр Исманкулов тууралуу узак талкуу жүрдү. Анда депутаттардын жана күч структураларынын окулдөрүнүн айткан сөздөрүнө “Заман Кыргызстан” гезитинде журналист Абдыкерим Муратов талкууга алып жаткан адамдан дагы кыжырын кыргыз
тилине болгон мамиле болгонун жазат. “Депутаттар, элдин өкүлдөрү тилибизди ушунчалык тебелеп таштады. Бир-эки сөздү кыргызча, кайра бир-эки сөздү орусча, анан бир топ кыргызча, анан бир топ орусча айтып атышты.
Болгондо да ушундай кептер айылдык мектепте окуган эле, кыргыздардын арасында чоңойгон эле кечээги балдардын, бүгүнкү кыргыз зыялыларынын
"каймактары" аталган парламент мүчөлөрүнүн оозунан чыгып жатты“, деп жазат автор. Макаланын соңунда автор мамлекеттик тилди кор кармоонун жана
элге ошондой жайылтуунун бекер майданы эмес экенин, улуттук тилди урматтабоо чоң кылмыш экенин белгилейт.
XS
SM
MD
LG