Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Жаштар коомдук телевидение түзүүнү талап кылышты


БИШКЕК. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын базасында коомдук телевидение уюштуруу жөнүндө талаптар менен 2-февралда Жогорку Кеңештин алдында жаштардын акциясы өттү. Аларды “Интерньюс”коомдук бирикмеси колдоого алды.

“КелКел” уюумунун, Студенттер кеңешинин өкүлдөрү ишине келаткан депутаттарга мамлекеттик телерадио компанияны коомдук телевидениеге өткөрүү зарылчылыгын камтыган атайын кайрылуу баракчаларын тапшырышты. Кайрылууда акциянын уюуштуруучулары депутаттарды “Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо демократиялуу принциптерди эске алууну суранышкан. “Коомдук телевиденине көз каранды болбой иш алып барышы үчүн башкы директор Байкоочулар Кеңеши тарабынан гана дайындалышы керек “, деп жазылат депутаттарга жолдонгон кайрылууда.

Акцияны уюштургандардын пикиринде, өлкөдөгү жалгыз улуттук телевидение чындыкты көрсөтпөй, бийлик башындагылардын кол баласы болуп калгандыгынын кесепеттери Аксы окуялары, андан кийин март айындагы элдик толкундоолордун учурунда абдан курч сезилген. Март окуясынан кийин мамлекеттик телерадио корпорацияны коомдук телевидениеге айлантуу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок бийлик андай кадамга шашкан жок.

XS
SM
MD
LG