Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Ыңкылапчы жаштар ыңкылапчы-саясатчыларды ынтымакка чакырды


ОШ. Кайрылуу Курманбек Бакиевди, Үсөн Сыдыковду, Азимбек Бекназаровду, Роза Отунбаеваны, Анвар Артыковду жана Дүйшөн Чотоновду ички амбицияларды тыя туруп, элдин биримдиги жана тынччылыгы үчүн Элдик ыңкылаптын бир жылдыгынын алдында ынтымакка келүүгө чакырган. “Биз өткөн жылкы март окуяларынын жаш катышуучулары учурда сиздердин саясий аянттагы ыйкы-тыйкылыгыңыздарды көрүп туруп, өткөн жылы сиздерди лидер катары эсептеген таасирлерибизге көңүлүбүз калып отурат. Эгерде сиздер ошондо чындап эле эл үчүн чыккан болсоңуздар, ынтымакка келип, ортого от жаккан саясий күчтөрдүн азгырыгына алданбай, чогу-чаран ишти алып барыңыздар. Эгерде андай болбосо сиздерди үмүттүү караган карапайым адамдардын кейиштүү тагдыры кечирбейт”, деп айтылат кайрылуунун негизги мазмунунда. Мындан сырткары өткөн жылкы март ыңкылабынын лидерлерине багытталган кайрылууда акаевчыл коррупциялашкан ири саясий күчтөр акыркы учурларда саясатта аба ырайын түзүп, ыңкылапчылардын ортосунда карама-каршылыктарды пайда кылган аракеттерди башташкандыгы жана ага карата токтоосуз күрөштү улантуу зарылдыгы айтылат.


АБА ЫРАЙЫ


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 3-февралда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Күндүз айрым облустарда ал эми түнкүсүн Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Ысыккөл, Чүй облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5 градус.
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7 градус.
Бишкекте кардын жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн
-1...-3, күндүз +3...+5 градус.

Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу, Бишкек

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG