Ооган президенти Хамид Карзайдын президент Курманбек Бакиевди Ооганстанга сапар менен келип кетүү сунушу кабыл алынып каралат, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Надыр Момунов бейшембиде. Хамид Карзай Лондондо Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен жолугушууда кыргыз президентин Ооганстанга келип кетүүгө чакырган. Ооган президенти менен кырыгз тышкы иштер министринин жолугушуусунда ошондой эле Ооганстанды калыбына келтирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун программасынын алкагында Кыргызстандын экономика, билим берүү, курулуш жана башка тармактардагы потенциалын пайдалануу тууралуу сөз болгон.