Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Президент Бакиевди колдоочу ыктыярдуу коом түзүлдү


Кыргызстанда президентти колдоо боюнча ыктыярдуу коом түзүлүп, 16-январда адилет министрлигинен каттоодон өттү. Коомдун башкармалыгынын төрайымы Савлятхан Ормошеванын билдиргенине караганда, аталган коомдук бирикме өлкөдө стабилдүүлүктүн болушун жактайт жана бул багытта жүргүзгөн президенттин саясатын колдойт. Ал эми президенттин иштешине жасалып жаткан тоскоолдуктарга, негизсиз дооматтарга кабатырлануусун билдирет. Уюм президентти колдогон коомчулуктун бардык өкүлдөрүнүн башын бириктирүүнү, социалдык-маданий өнүгүүдө президенттин саясатына кол кабыш кылууну каалайт. Уюмду түзүүчүлөрдүн өзөгү мугалимдерден куралган.

XS
SM
MD
LG