БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна таандык аба-аскерий базасынын Кыргызстанда жайгашып турушу - өлкөнүн коопсуздугун коргой турган негизги фактор. Мындай өңүттөгү көз карашын премьер-министр Феликс Кулов Канттагы орусиялык аба-аскерий базасына 2-февралда жасаган иш сапарынын учурунда билдирди. Ушул сапардын учурунда база башчысы Олег Виноградов Кант аба-аскерий базасы кеңейтилерин дагы бир ирет белгиледи. Мындай пикир буга чейин орусиялык аскер жетекчилиги тарабынан бир нече ирет айтылган. Азыр базада 300 аскер кызматчысы иштейт, аскерий максаттагы СУ-25 үлгүсүндөгү 5 учак, Ми-6 үлгүсүндөгү 2 тик учма жана Л-39 үлгүсүндөгү машыктыруучу 4 тик учма бар.