Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Алдаяров абакта кала берет


БИШКЕК. 2-февралда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап, аны абакта калтыруу чечимин кабыл алды. Арызды судья Жылдызбек Кудаяров карады. Бул арада Жогорку Кеңештин депутаты Роман Шиндин демилгеси менен 10 чакты депутат Алдаяр Исманкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Башкы прокурорго кайрылды. Исманкуловду спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө тиешеси жок экени аныкталды, ошондуктан биз анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылдык, дейт Роман Шин. Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери Алдаяр Исманкуловдун автоунаасынан баңги зат жана курал табылып, аны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармаган.

XS
SM
MD
LG