Даниялык "Йилландс-постен" деген гезитте өткөн сентябрда Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган азил сүрөттөр жарыяланганы менен байланыштуу мусулман өлкөлөрүндө митинг-демонстрациялар өтүп жатат. Даниялык журналисттерди коргоо иретинде ал сүрөттөрдү жакында Франция, Норвегия, Алмания, Италия жана Испаниянын гезиттери да басып чыгарган. Франциянын "Франс суар" гезитинин баш редактору Жак Лефранс ал үчүн кызматынан алынды, даниялык гезиттин жетекчилиги мусулмандардан кечирим сурады, бирок митинг-демонстрациялар уланууда. Андай жыйындар бүгүн Палестина, Пакистан жана башка өлкөлөрдө өткөрүлдү. Даниялык "Арла" компаниясы чыгарган тамакты Перс булуңундагы мамлекеттердин эли сатып албай койгондуктан, компания күн сайын бир миллион 600 миң доллар зыян тартып жатат.