Маскөөнүн борборунда жайгашкан Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын алдында кечээ күнү укук коргоочулар уюштурган митингге катышкан 15 адам полиция тарабынан кармалып кетти. Алтымышка жакын киши - акыркы мезгилде бейөкмөт уюмдар орус жетекчилиги тарабынан караланып жатканына каршы митинг уюштурган. Кармалгандардын арасында атактуу укук коргоочулар Лев Пономарев жана Олег Орлов да бар.