Кечээ күнү Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Амона деген жөөт айылындагы үйлөрдү жөөт аскерлери уратып жок кылды. Басылып алынган араб аймагында ал айылдын курулганын Израил соту мыйзамсыз деп тапкан. Анткен менен анын тургундары өкмөттүк күчтөргө каршы чыккандыктан, кагылышуулар болуп, эки жүз элүүгө жакын адам жараат алды. Басылып алынган араб жерлеринде дагы көптөгөн башка жөөт айылдары курулган жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эхуд Олмерттин айтымында, дагы 24 айыл жок кылынат. Амона - алардын эң чоңу болчу.