Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Вена шаарында Ирандын өзөктүк программалынан чыккан маселе талкууланууда


Бүгүн Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилигинин жыйыны башталды, анда Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе талкууланууда. Чечим эртең кабыл алынууга тийиш. Тегерандын айтымында, эгер маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин кароосуна жиберүү тууралуу чечим чыкса, уран байытуу иштери Иранда азыркы илимий деңгээлден өндүрүш деңгээлине чыгарылат, Тегеран болсо эл аралык уюмдар менен кызматташуусун токтотот. Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчө-мамлекети менен Алманиянын өкүлдөрү 31-январда Лондон шаарында өткөргөн жыйында - маселени Коопсуздук Кеңешине толук өткөрүп бербесе да, Бириккен Улуттарга ал тууралуу маалымат бериш керек деп макулдашылган. Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеинин айтымында, маселе сүйлөшүү аркылуу чечилиш керек: "Абал опурталдуу, бирок кризистүү эмес. Ишти Коопсуздук Кеңешине өткөрүү же өткөрбөө жөнүндө кандай чечим кабыл алынса дагы, маселе дипломатиялык жолдор менен, сүйлөшүү аркылуу каралыш керек экенине ким болбосун макул жана алдыга жол табуу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар", - деди Элбарадеи жыйын алдында.

XS
SM
MD
LG