Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

МАГАТЭ бүгүн Ирандын ядролук талашы боюнча чечим кабыл алат


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭнин директорлор кеңеши Ирандын ядролук программасынын чатагын Улуттар Уюмунун коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүү боюнча бүтүм чыгарат.
Кеңештин туруктуу беш мүчөсү- АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция апта башында маселе Коопсуздук Кеңешинде каралсын деп макулдашкан. Россия менен Кытай бирок Тегеранга дагы бир ирет мүмкүндүк берели дешип, мартка чейин күтө турууну сунуш кылышууда. Россия эгерде Тегеран Россиянын аймагында уранды байытууга көнсө, Иранды ядролук отун менен камсыздоого кепил өтөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG