Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Милициянын полковниги министр М. Суталиновду сотко берет


БИШКЕК. Милициянын полковниги Мурат Жумагулов ички иштер министри Мурат Суталиновдун үстүнөн доо арызы менен сотко кайрылат. Бул тууралуу Мурат Жумагулов 3-февралда «АКипресс» маалымат агенттигинде билдирди. Ал белгилегендей, министр 1-февраль күнү өкмөт башчы Феликс Куловдун катышуусунда өткөн жыйында анын аброюна шек келтирген сөздөрдү айткан. Министр Суталиновдун пикиринде, эки адамды өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталган Мурат Жумагуловдун ишин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту адилет карабай, аны актады. Ал эми Мурат Жумагулов анын үстүнөн кылмыш иши негизсиз, буйрутма жол менен ачылган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG