Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Кыргыз полиграф комбинатынын жамааты Жогорку Кеңештин жанына пикетке чыгышты


БИШКЕК. 3-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Кыргыз полиграф акционердик коомунун 200 чукул жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты. Алар Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери аталган акционердик коомдун жетекчиси Өмүрбек Шаршеналиевди ишканада финансылык тартип бузууларга жол берген деген кине менен ооруканада жаткан жеринен алып барып Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камаганына нааразылыктарын билдиришти.
-Ок дары көтөрүп, киши өлтүргөн кылмышкерлерди сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алып чыгарышат дагы, ири ишкананы иштетип, бюджетке киреше киргизип жаткан жетекчини кармап кеткени туура эмес,- деп айтты Кыргыз полиграф комбинатынын инженери Тариэл Өмүрзаков.

Тариэл Өмүрзаковдун айтымында өткөн жылы Кыргыз полиграф акционердик коому финансылык көзөмөлдөөчү органдар тарабынан 30 жакын текшерүүдөн өткөн. Алар тарабынан комбинатта финансылык тартип бузуулар катталган эмес.
Бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук кызматы жакында расмий билдирүү тараткан жатат.

XS
SM
MD
LG