Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Аксы трагедиясын Жогорку сот кайра козгоду


БИШКЕК. 3-февралда 2002-жылдын март айында Жалалабат облусунун Аксы районунда орун алган окуялар боюнча сот иши Жогорку сотто карала баштады. Бул окуяда 5 адам милиция кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бул күнкү сот жараянында Аксы окуясында жабырлануучулар сөз сүйлөштү. Алар окуяга күнөөсү бар деп экс-президент Аскар Акаевди, Темирбек Акматалиевди, Аманбек Карыпкуловду, Чубак Абышкаевди жана башкаларды эсептешет жана соттон аларды жазага тартууну өтүнүштү. Сотко ошондой эле Аксы окуясына күнөөсү бар делген Жалалабат облусунун ошол мезгилдеги прокурору Зоотбек Кудайбергенов, облустун жана Аксы районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери Данияр Кулуев, Абдимитал Калбаев, Алик Ракишев да катышууда. Зоотбек Кудайбергенов Азимбек Бекназаровду камакка алууга ошол мезгилдеги баш прокурор Чубак Абышкаев көрсөтмө берген деп билдирди. Аксы окуясы боюнча сот иши ушуну менен Жогорку сотто экинчи ирет каралууда. Аксы окуясы боюнча сот жараяны 6-фералда улантылат.

XS
SM
MD
LG