Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Мусулман дүйнөсүндө карикатурага байланышкан нааразылык акциялары уланды


Жума күнү Палестинанын Наблус шаарындагы нааразылык демонстрациясына 20 миңдей адам катышты. Алар Даниянын, Норвегиянын, Франциянын желектерин өрттөштү. Нааразылык акциялары Пакистан, Индонезия, Иран, Бахрейн, Ирак, Орусиянын Дагестан республикасында да өттү. Пакистан президенти Первез Мушараф, Иорданиянын падышасы Абдалла европалык гезиттерде Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатуралардын басылышын кылмыш жана кордоо катары баалап, айыпташты.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай ой-пикир билдирүүнүн Батыштагы салтын моюнга алганы менен башкалардын үрп –адатын да урматоо зарылдыгын белгиледи:

-Сөз эркиндиги адамдардын динин, ишенимин, маданиятын кордогондук дегенди билдирбейт. Биз Оогансатандабы, Европада же башка жердеби буга барбашыбыз керек. Сөз эркиндиги адамдын динин, үрп- адатын, маданиятынын сыйлоонун чегинде болушу керек.

Британиядан, тышкы иштер министри Жек Стро Мухаммед пайгабарга тартылган сүрөттөрдү европалык гезиттер кайрадан жаңыртып басып жатышын сынга алды. Бирок Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму ой –пикир билдирүү эркиндиги – демократиянын айныксыз бөлүгү жана ал урматталышы абзел деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG