Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Түрк атуулу мыйзамсыз алып чыккан жаңгак кармалды


Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 3-февралдан 4-февралга караган түнү жети жаңгак уюлу салынган автоунааны Сокулук районунан табышты. Автоунаа түрк жараны Нихат Ягмурга тиешелүү болуп, ал уюлдарды мыйзамсыз жолдор менен өлкөдөн алып чыгып кетүүгө даярданып жатканы алдын-ала текшерүүлөрдө тастыкталды. Уюлдардын жалпы баасы 4 миллион сом. Учурда текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аба ырайы.

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 5-февралда Кыргызстанда ала булут каптап турат, кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын тептературасы:

ЧҮЙ облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13 градус жылуу.
ТАЛАСта түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +6...+11 градус жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +8...+13 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
НАРЫНда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +11...+13 градус жылуу.


Айданбек Акмат улуу, Бишкек

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG