Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

АЗИЛ СҮРӨТТӨРГӨ БАЙЛАНЫШКАН НААРАЗЫЛЫК КҮЧӨӨДӨ


Мусулман өлкөлөрүндө Мухаммед пайгамбарды карикатура кылып тартууга байланышкан нааразылык барган сайын өсүүдө. Бир катар мамлекет башчылар Батыш гезиттерин сүрөттөрдү басып чыгаргандыгы үчүн айыпташты. Борбор Азия мусулмандары болсо бул талаш-тартыш жараткан чуулгандуу окуяга карата сабырдуу, толеранттуу турумга чакырууда.

Ирандын тышкы иштер министри карикатураларды ислам дүйнөсүнө уюшкан чабуул деп сыпаттап, Ислам конференциясы уюмунун чукул жыйынын өткөрүүнү сунуш кылды.

Уюмдун баш катчысы Экмеледдин Ихсануулу бул демилгени колдоп, ислам мамлекеттери мындай акаарат келтирүү иштерин жөн карап отура бербейт деди.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай (сүрөттө) карикатуралык сүрөттөрдүн басмада жарык көрүшүн айыптап, мындай окуя кайталанса, күнөөлүү адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек деп белгиледи.

Ооган президенти Хамид Карзай:

- Мусулмандар кечиримдүү болушат. Бирок бул - исламды мазактаган тамаша сүрөттөр мындан ары да жарык көрө берсе болот дегенге жатпайт. Алардын басып чыгарылышы сөзсүз токтотулушу зарыл.


Азил сүрөттөр эң алгач былтыр сентябрда Даниянын регионалдык гезиттеринин биринде жарык көргөн. 2006-жылдын башында Мухаммед пайгамбар бомбалуу селдечен шекилде тартылган сүрөттөрдү Норвегиянын бир гезити көчүрүп жарыялап, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктын толкунун жаратты.


Борбор Азиядагы мусулман диниятчылары, мамлекеттик ишмерлер жана журналисттер бул окуяга толеранттуураак мамилесин билдирип, коомчулукту сабырдуулукка чакырды.

Бишкектеги Ислам университетинин ректору, профессор Нигматулла Ажынын пикиринде, эмоцияларга алдыруунун кереги жок.

Христиан динине өткөн журналист Жаныбек Жанызак Ыйсанын карикатураларына христиандар түшүнүүчүлүк менен карашат деп белгилейт.

Тажикстандын Исламдык Кайра Жаралуу партиясынын жетекчи орун басары Мохеддин Кабири эгерде цивилизациялардын, диндердин баарлашуусу (диалогу) жөнүндө сөз кылсак, анда бири-бирибизге урмат менен мамиле кылышыбыз керек деп белгилейт:

- Мындай иш-аракеттер өз ара түшүнүү маанайын түзүүгө жардам бербейт. Исламдын, башка диндердин өкүлдөрү бул жорукту айыпташат деп ишенебиз. Бирок айрым консерваторлор аша чаап, зордук-зомбулукка барышы ыктымал. Биз андай зомбулук иш-аракетти айыптайбыз, ошол эле мезгилде батыш коому карикатураларды жосунсуз такмазалоо аракети катары айыптаса жакшы болоор эле.

Казакстандын дин иштери боюнча департаментинин басма сөз катчысы Онгар ажы Өмүрбек болсо бул окуяларды мындайча комментариялады:

- Мухаммед пайгамбардын сатиралык сүрөттөрү биздин динди, ишенимди шылдыңдоо болуп саналат. Мындай нерселер цивилизациялуу дүйнөдөн чыккан, таалим-тарбия алган кишинин колунан келбейт.


Даниянын премьер-министри Андерс Фогс Расмуссен бейшембиде “ал-Арабия” телеканалынан чыгып сүйлөп, жаңжалды басаңдатууга аракет кылды:

- Мусулмандар даниялык гезитте жарык көргөн сүрөттөрдү Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирүү катары кабыл алышканына абдан өкүнөм. Гезиттин мусулмандарды мазактайын деген ниети жок болчу. Басылма кечирим сурады жана мен биз анын негизинде бир чечим табабыз деп ишенем.

Премьер Расмуссен "өкмөт көз карандысыз маалымат каражаттарды көзөмөлдөбөйт, карикатуралар үчүн Даниянын өкмөтү же эли жооп бербейт", - деп белгиледи.
XS
SM
MD
LG