Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

Аксы трагедиясы боюнча сот улантылат


БИШКЕК. Дүйшөмбүдө Жогорку сотто Аксы трагедиясы боюнча сот жараяны улантылат. Анда жабырлануучу 13 адамды адвокат Сартбай Жайчибеков, укук коргоочулар Эдил Байсалов, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова коргошууда. Эдил Байсаловдун пикиринде, Жогорку соттун бул иш боюнча акыйкат чечим кабыл алаарына күмөндүк пайда болду:
- Ушундай күмөндүк пайда болду. Себеби Жогорку соттун аксылыктарга басмырлаган мамилесин байкадым. Эшикте 3 саат тургузуп койду, ал эми берки тарапты жылуу жумшак имаратка киргизип алган. Анан 100дөй солдат алып келип тегеректетип койду. Курманбек Осмонов Акаевдин убагында аксылыктардын провокациясынан улам ушундай кан төгүү болду деп анан вице- премьерликке чейин көтөрүлгөн адам да, -дейт Эдил Байсалов. Аскар Акаевдин тушунда прокуратура жана сот органдарына саясий басым болгон деген негиз менен Аксы окуясы боюнча козголгон ишти Жогорку сот 3- февралда карай баштаган.

XS
SM
MD
LG