Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Германия жана өлкөдөгү ислам кеңеши ирактык барымтачыларга кайрылышты


Германия өкмөтү жана өлкөдөгү мусулман уюмдарынын башчылары Иракта өткөн айда уурдалган эки немец инженерин бошотууну сурап, барымтачыларга кайрылышты.
Тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайердин “Deutschlandfunk” радиосуна айтышынча, барымтачылар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.
Германиянын ислам кеңешинин төрагасы Али Кызылкая "Bild am Sonntag" жумалыгына берген интервьюда, “киши уурдоочулар исламды жаман атты кылууда” деди.
Барымтачылар Германия Ирак менен байланышын токтотпосо, инженерлер өлтүрүлөт деп коркутушкан.

XS
SM
MD
LG