Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Иран бийликтери МАГАТЭ менен кызматташпайт


Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ менен кызматташууну токтотконун тастыктады. Бул Иран уранды байытууну кайра баштайт дегенди жана атомдук жабдууларын МАГАТЭнин инспекторлоруна текшерттирбейт дегенди билдирет.
Россиянын коргоо министри Сергей Иванов Ирактын ядролук программасы боюнча чатакты дипломаттык жол менен жөндөө аракетин токтотпоого чакырып, непада эл аралык инпекторлор Ирандан айдалып чыкса, “өтө жамаан жышаан” болот деди.

Эки билдирүү тең Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук конференциясы маалында жасалды.
Ишемби күнү МАГАТЭ -Ирандын өзөктүк чатагы тууралуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине маалымдоо жөнүндө чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG