Ооганстанда кечээ күнү Талибан кыймылынын бир жүз жетимишке жакын жоокери курал таштап, өкмөткө багынып берди. Курал таштагандарга өкмөт мунапыс жарыялаган жана маселе боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын төрагасы Себгатулла Мужададдинин айтымында, бир жылга жетпеген убакыттын ичинде бир миңге жакын талиб курал таштады.