Төртүнөн бешинчи февралга караган түнү Израил аскерлери Газа тилкесиндеги бир нече аймакты бомбалады жана андан үч куралчан адам өлүп, дагы сегиз киши жараат алды. Анын алдында ал аймактардан Израилге каршы ракета атылган жана андан төрт израилдик жаран жарадар болгон. Кечээ күнү күндүз болсо Израил учактары Зейтун айылына ракет аткандан дагы эки адам курман болду, жөөт өкмөтүнүн айтымында, алар - "Исламдык жихад" кыймылынын жоокерлери болгон. Январда Палестинада өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан ХАМАС уюмунун өкүлү Исмаил Хания кечээ күнү ал тууралуу атайын билдирүү жасап, палестиналыктар өздөрүн коргоого укуктуу деп жарыялады.