Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантууга Тегеран даяр


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик 3-февралда Вена шаарында өткөн жыйынында Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча Бириккен Улуттарга маалымат берүүнү чечти. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки аны катуу сынга алды: "Америка өкмөтүнүн мындай катуу талабына биз ачык жооп беребиз. Биздин элдин өзөктүк технологияга ээ болууга толук укугу бар жана биз андай максаттан кайра тартпайбыз. Биз өз эркибиз менен акыркы эки жарым - үч жыл ичинде киргизген чектөө чараларынан баш тартабыз. Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин кошумча протоколунан биз чыгабыз жана Келишимдин өзү боюнча гана аракеттенебиз", - деди министр. 5-февралда болсо Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи атайын билдирүү жасап, Тегеран дагы жаңы сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр деп жарыялады. Бирок ал кандай сүйлөшүү болоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG