Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Мусулман өлкөлөрүндө европалыктарга каршы митингдер өтүп жатат


Ливандын борбору Бейрут шаарындагы Даниянын консулдугунун имараты кечээ күнү толугу менен өрттөндү. Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр даниялык гезитте жарыяланганына нааразы болгон мусулмандар көчөлөргө чыккан, полиция аларды токтото алган эмес жана митингчилер имаратты өрттөп жиберген. Андан соң алар чиркөөлөрдү жана христиандар жашаган аймактардагы дүкөндөрдү талкалады. Тартип орното албаган Ливандын ички иштер министри Хасан Сабех кечээ күнү кызматынан кете турганын билдирди. Мусулмандардын каршылык митинг-демонстрациялары Бельгия, Ирак, Иран, Мисир, Сирия жана башка өлкөлөрдө да болуп өттү.

XS
SM
MD
LG