Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Шаршеналиевдин коргоочулары пикетке чыкты


6-февралда «Кыргызполиграфкомбинаттын» эмгек жамаатынын бир бөлүгү Жогорку Кеңештин алдында пикетин улантты. «Өмүрбек Шаршеналиевди бошоткула» деген плакаттарды көтөргөн жыйырмага чукул адам эки-үч сааттан кийин тарап кетти. Полиграфкомбинаттын жетекчиси Шаршеналиев Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынып, ири өлчөмдө мамлекеттик каражатты уурдаган деген күнөө коюуда. Комбинаттын башка кызматкерлери дүйшөмбү күнү маалымат жыйынын өткөрүп, Шаршеналиевди камакка алуунун негизи бар деген пикирлерин билдирди.

XS
SM
MD
LG