Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Аксы боюнча сот улантылууда


БИШКЕК. 5-февралда Жогорку сотто Аксы боюнча сот жараяны улантылды. Анда Бозпиекте окко учкан Советбек Тагаевдин атасынын мыйзамдуу өкүлү Дербишаалы Сыдыгалиев 2002-жылы 17-марттагы окуяга түздөн түз тиешеси бар Аскар Акаевдин, ошол кезде өкмөт башчы болуп иштеп турган Курманбек Бакиевдин, коопсуздук кеңештин катчысы болгон Болот Жанузаковдун, ички иштер министри Темирбек Акматалиевдин, президенттик администрация башчысы Аманбек Карымкуловдун сотко күбө катары чакырылышын талап кылды. Бирок соттук коллегия Башкы прокуратуранын кылмыш ишти кайрадан жандандыруу тууралуу өтүнүчү гана каралып аткандыгын айтып, бул талапты четке какты. Бул сот жараянда аксылыктарды дагы бир адвокат Токторбек Ашыркул уулу коргомок болду. Анын иш менен таанышуусуна сот 3 күн убакыт берди. Эмки сот жараяны 10- февралда улантылат.

XS
SM
MD
LG