Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Чиновниктер жер саткан фактылар бар


БИШКЕК. Мамлекеттик чиновниктер өздөрү башкалаадан жер сатып атышат, ошондуктан жерди муктаждар эмес, акчалуулар алды. Мындай билдирүүнү президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун "Кабар" агенттигинде жасады. Анын айтымында, Бишкектеги райондук акимдер жерди 10 миңден 20 миң долларга чейин саткан фактылар бар. Ал жетектеген комиссия президентке жана Бишкек шаарынын мэрине Октябрь районунун акими Жумабек Исаевди кызматтан алуу өтүнүчүн жөнөттү. Комиссиянын маалыматына караганда, ал баш аягы 130 жер участогун сатып жиберди. Турсунбек Акун жазында кайрадан жер басып алуу толкуну болот деп билдирди.

XS
SM
MD
LG