Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Искрада чогулган эл үйлөрүнө тарады

БИШКЕК. Жергиликтүү тургундар ортосунда кагылышуу чыккан Искра айылында кырдаал түш оогондон кийин кайрадан курчуду. Искра айылынын 300гө чукул тургуну чогулуп, дунгандар топтошуп алган мечитти көздөй жөнөшкөн. Аларды милициянын отряды токтото албай койгондо жалаң аялдар алдын тороп токтотуп калышты. Учурда айылда милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. 6- февралга дунган жана кыргыз улутундагы аксакалдардын сүйлөшүүсү белгиленген, анда аксакалдар чыр- чатакты токтотуу чечимине келишти. Кески саат алтыларда чогулган эл тарады. Окуя болгон жерде Чүй облусунунун губернатору Кулмурзаев, дунгандар диаспорасынын өкүлдөрү да жүрүшөт. Искра айылында 1400дөн ашык дунган жашайт.
XS
SM
MD
LG