Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Тажикстанда киши аткезчилигине каршы күрөш борбору ачылды


Кишилер чет жактарга кулчулукка сатылган учурларды иликтөөчү борборго Кошмо Штаттары каражат бөлдү. Дүйшөмбү калаасындагы борбор эң жаңы жана күчтүү компютерлер менен жабдылган. 250 миң доллардык долбоордун ачылышына Тажикстандын ички иштер министри жана АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчиси катышты.
Элчи Ричард Рональд Тажикстандын өкмөтүн киши аткезчилигине чек коючу мыйзам кабыл алып, тартип короочулардын атайын бөлүктөрүн түзүп, министрлер аралык комиссия иштеп жаткандыгына жогору баа берди.

XS
SM
MD
LG