Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

АКШда Конгрессте Ак Үйдүн тынчылык программасын талкууланат


Бүгүн Сенаттын юстиция комитетинде көп талашты туудурган бул программа боюнча угуулар башталып жатат. Комитеттин төрагасы, бийликтеги Республикачыл партиянын мүчөсү Арлен Спектр кечээ "бул программа мындай аракеттер сот тарабынан жактырылышы керек деген америкалык мыйзамдарды ачыктан ачык бузат" деп айтты. Буштун администрациясы "атуулдардын сөзүн тыңшоо саясаты террордук чабуулдарды алдын алуу үчүн керек, террорчу деп шектелгендер гана тыңшалат» деп айтууда. Бул программа атуулдук эркиндиктерди чектейт деген тынчсызданууну жаратып, президенттин согуш мезгилиндеги укуктары канчалык кеңири болушу керек деген суроолорду пайда кылды.

XS
SM
MD
LG