Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Ооганстанда Мухамед пайгамбар тууралуу азил сүрөттөргө байланыштуу бир кишинин өмүрү кыйылды


Мусулмандардын кыжырына тийген карикатуралар алгач даниялык гезитте чыккан эле, кийин аларды бир катар өлкөлөрдө, негизинен Европада кайра басышты.

Лагман провинциясында кечээ башталган толкундоолордо полиция жүздөгөн демонстрантка каршы ок ачты. Төрт киши, анын ичинде бир тартип коргоочу жараат алды.

Демонстрациялар Кабулда, Кандагар жана Мазари-Шарифте, ошондой эле Индонезия менен Таиландда, Иранда, Иракта да орун алды. Апта соңунда, Дамаскиде жана Бейрутта даниялык элчиликтер өрттөлгөндөн кийин, Даниянын тышкы иштер министрлиги өз атуулдарын 16 мусулман өлкөсүнө барбоого чакырган билдирүү таркатты. Кечээ Ливандын баш калаасындагы толкундоолордо да бир киши каза болуп, 50 чакты киши жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG