Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Бир топ мусулман өлкөлөрүндө демонстрациялар өтүп жатат


Мухаммад пайгамбарга тартылган азил сүрөттөрдүн айынан Ооганстанда да эки күн катары менен нааразылык акциялары өтүп жатат. Михтарлам деген шаарда акцияга чыккандар ээ-жаа бербей, полицияга таш ыргыта башташкан. Анан коопсуздук органдары абага ок ата башташты. Демонстранттардын төртөөсү көз-жумганы кабарланып жатат. Ошол полисменди кошкондо, төрт адам жаракат алды.
Мына ушундай эле себеп менен элдер өлкөнүн борбору Кабулда, Кандагар жана Мазари Шарифте да көчөгө чыгышты.
Жаалданган мусулмандар Индонезия менен Тайланддагы даниялык элчиликтердин имараттары алдында да турушат.
Мухаммад алайхиссаламды шылдыңдаган азил сүрөттөрдүн айынан Сирия менен Ливандагы демонстрациялар кийин ал жердеги даниялык жана швециялык элчиликтериндин талкаланышына алып келди.
Бүгүн АКШ, Евробиримдик жана Улуттар уюму мусулман өлкөлөрүндөгү бул өңдүү акцияларды айыптаган билдирүү таратышты.
Бул палакеттин баарына алгач даниялык гезитте Мухаммад алайхиссаламга тартылган тамаша иретиндеги карикатура себеп болду. Ал сүрөттөрдүн биринде пайгамбар башына ороп алган селде бомбага окшоштурулуп турталгын болчу. Кийин бул сүрөттөрдү бир катар европалык басылмалар көчүрүп чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG