Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Европа Биримдиги азил сүрөттөр чатагына кийлигишпей


Мусулман мамлекеттериндеги каршылык аракеттери европалык жетекчилер тарабынан катуу сынга алынууда. Европа комиссиясынын басма сөз өкүлү Йоханнес Лайтенбергердин айтымында, кандай болбосун маселе сүйлөшүү аркылуу гана чечилиш керек: -"Европалык гезиттерде жарыяланган сүрөттөр дүйнө мусулмандарынын намысына тийгенин биз түшүнөбүз, бирок таарыныч канчалык күчтүү болсо дагы, мынчалык айыгышкан каршылыкка актоо жок", - деди Лайтенберг 6-февралда. Европа Биримдигинин жетекчилигинин айтымында, маселени чечүүгө ал кийлигишпейт жана чатакка тийешеси бар мамлекеттер аны дипломатиялык жолдор менен, сүйлөшүү аркылуу өздөрү жөнгө салыш керек.

XS
SM
MD
LG