Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Элдик күрөштө каза болгондорго баатыр наамын ыйгаруу сунушу көтөрүлдү


БИШКЕК. 2002-жылдагы Аксы окуясында каза болгон 6 адамга жана бул окуяларга байланыштуу саясий ачкачылыктан каза болгон Шералы Назаркуловго Кыргызстандын баатыры наамы ыйгарылсын деген талап 7-февралда Шералы Назаркуловду эскерүү митингисинде кабыл алынды. Митингдин катышуучулары ошондой эле Шералы Назаркуловго мемориалдык эстелик орнотууну сунуш кылышты. Шералы Назаркулов кыргыз-кытай чегарасы боюнча келишимдин мыйзам бузуулар менен кабыл алынгандыгына каршы чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камактан бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялап, мындан 4 жыл мурда 7-февраль күнү каза болгон.

XS
SM
MD
LG