Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:55

« Асаба» партиясы Бакиев-Кулов тандемин жасалма деп сынга алды


БИШКЕК. «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы 7-февралда билдирүү таратып, анда Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун кайрылуулар, билдирүүлөр менен пикир алмашуусун айыптап, тандемди элдин, мекендин биримдиги үчүн сактоо үндөгөн. Ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөштө тартип коргоо органдарын бөлбөй, бирдиктүү күрөшүү талабы айтылган. Билдирүүнүн экинчи бөлүгүндө, айрым саясатчылардын «Кыргызстан Россияга кошулуу керек» деген ой-пикирлери айыпталып, алар 2005-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен Акаевден айырмасы жок деп айтылган. Асаба партиясы кыргыз элин регионалдык, уруулук бөлүнүүчүлүктү токтотуп, Кыргызстандын бирдиктүү мамлекет катары курууга чакырган.

XS
SM
MD
LG