Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

МУХАМБЕТ ПАЙГАМБАРДЫ ШЫЛДЫҢДАП СҮРӨТ ТАРТКАНДАРДЫ АЛАТООЛУК МУСУЛМАНДАР ДА АЙЫПТАШТЫ


Кыргызстандык мусулмандар Мухамбет пайгамбарды азилдеп сүрөткө тарткан батыш басылмаларын айыптап чыгышты. Мындай пикирлер 7- февраль күнү Бишкекте муфтият уюштурган жыйында көп жолу жаңырды.

Жыйында муфтий Мураталы-ажы Жуманов бул шылдың сүрөттөр азыр да өрүш алып бараткан ислам дининин беделин түшүрүү үчүн, тактап айтканда, исламдын негиздөөчүсүн, демек, азыркы өнүккөн исламды террорчулук менен байланыштыруу максатында атайылап тартылган деген оюн айтты:

-Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууга, ал тургай ролун аткарууга да шарият жол бербейт. Ошону билип турушуп, пайгамбарыбызды келеке сүрөткө алып жатышкандыгы үчүн бир катар өлкөлөрдө элдин тынчтыгын бузган аргасыз нааразылык акциялары өтүп жатат. Келекелөөгө биз дагы каршыбыз!

Мураталы-ажы Жуманов дүйнө мусулмандарынын нааразылыгын жараткан жагдайга Кыргызстандын да жер-жерлеринен кабатырлануулар болуп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле ислам – тынчтыктын дини экендигин баса белгилөө менен жалпы эле мусулмандарды сабырдуулукка чакырды.

Бишкек шаар тургуну Мамбетасан Ибраевдин ою боюнча, Мухаммед пайгамбар бардык нерсенин туу чокусу, маселен, маданияттын да, илимдин да! Ал эми анын келбети, көрүнүшү биз ойлогондон да алда канча сонун. Ошол эле кезде Иса пайгамбардын келбети да жанагы сүрөттөгүдөн алда канча сонун! Анан ошолорду мазактоо, шылдыңдоо – диндердин ортосуна от жагуу менен барабар.

Кырдаалга саясатчылар да бүйрө карашууда. Жогорку Кеңеш депутаты Бектемир Мурзубраимов Орусия телекөрсөтүүсүндөгү ортого ого бетер от жаккан учурду айыптады:

-Орусия Думасынын биз сыйлап-урматтаган мүчөсү Владимир Жириновский мырза нааразылык демонстрациялары, элчиликтерди өрттөө аракеттери болуп жаткан бир катар мусулман өлкөлөрүн бомбалап салыш керек дегендей копол сүйлөп атпайбы. Тескерисинче, тиешелүү өлкөлөр өз ара сүйлөшүүгө келишип, кечиришүүлөрү керек. Бул жара ырбап кетсе - өтө коркунучтуу. Андан эч ким утпайт.

Ошол эле кезде депутат Бектемир Мурзубраимов Иса пайгамбардын деле карикатуралары тартылган учурлар бар экендигин кыйытып өттү…
XS
SM
MD
LG