Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

А. Жамалов жана В. Хан кызматтарынан бошотулду


Президент Курманбек Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдыжалил Жамалов менен Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Ханды кызматтарынан бошотту. Мамлекет башчынын бүгүн 8-февралда жарыяланган жарлыгында А. Жамалов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, ал эми В. Хан өзүнүн арызы боюнча бошотулганы айтылат.
Буга чейин парламент депутаттары Улуттук коопсуздук кызматы менен коопсуздук кеңешинин жетекчилерине орчундуу дооматтарды коюп келишкен. Ашынган кылмышкерлерди калкалап жүрөт деп сынга алышып тымызын кызмат башчысы Т. Айтбаевдин кызматтан чегинүүсүн талап кылышкан. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп аз убакыт эле иштеген В. Ханга анын бир эле учурда Казакстандын атуулу экендигин сууруп чыгышып, аны да кызматтан кетирүү жөнүндө президентке маселе коюшкан.

XS
SM
MD
LG