Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Жалалабатта нааразылык акциясы мушташка айланды


ЖАЛАЛАБАТ. Пикетке Сузак районунан жаатташып келген эки тараптан кырктан ашык адам катышып, алар элдик мүлк байлыктын туура эмес бөлүнгөндүгүнө нааразы болушту. Пикетчилердин айтымында 12 дыйкан чарба бириккен Темирлан аттуу уюмга караштуу техникаларды Абдыбаитов Алым аттуу адам мыйзамсыз ээлеп алган. Пикет өтүп жаткан жерге Алым Абдыбаитов дагы келгенде нааразылык ого бетер күчөп, көпчүлүк аны кууп, тарапкерлерине кол көтөрүшүп, тепкиге алышты. Уят сөздөр менен сөгүнүп, жаалданган тараптарды бийлик менен күч кызматкерлери ажыратып калышты.

Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 9-февралда Кыргызстанда күн бүркөлүп ачылып турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1...+4, күндүз +14...+19 градус.
Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +11...+16 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -2...+3 градус, күндүз +12...+17.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз +5...+10 градус болот.
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...+5 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...+2, күндүз +16...+18 градус болот.

Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров.

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG