Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

“Кыргыз туусу” менен “Слово Кыргызстана” гезиттери өкмөттүн тилинен чыкпашы керек


БИШКЕК. “Кыргыз туусу” жана “Слово Кыргызстана” гезиттеринде өкмөттүн саясатына кайчы материалдарга орун берилип жаткандыктан алардын башкы редакторлору алмаштырылды.Бул тууралуу премьер-министрдин аппарат жетекчисинин орун басары Урмат Кармышев 8-февралда билдирди. Анын айтымында бул гезиттердин кожоюну өкмөт, ошондуктан алар өкмөттүн саясатын жүргүзүшү керек. Кармышов ошондой эле келечекте өкмөттүк гезиттерди акционерлештирүү жүргүзүлө тургандыгын белгиледи.
Ал эми “Кыргыз туусу” гезитинин мурдагы башкы редактору Бакыт Орунбеков премьер-министр аны кызматтан негизсиз бошоткондугун билдирген. Анын талабын жактап гезит жамааты Жогорку Кеңештин имаратынын алдына өткөн жумада нааразылык акциясын уюштурган.

XS
SM
MD
LG