Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Адвокат милициянын аракеттерин айыптады


БИШКЕК. Рысбек Акматбаевдин жээни Мирлан Коноевди “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнө барган жеринен милиция мыйзамсыз кармаган. Бул тууралуу Коноевдин адвокаты Рысбек Нагаев 8-февралда билдирди.
- Бул тинтүү, текшерип кароо негизсиз. Автоунаанын ичинен ок дары, курал жарак табылган жок. Кээ бир маалымат каражаттары ок табылды, тиги табылды, бул табылды деп айтып атпайбы.Эч нерсе табылган жок. Болгону Ош базарында белекке сатылган бычак, автоунаанын мамлекеттик төрт номери табылды.

Милиция кызматкерлери оперативдүү маалыматтын негизинде Мирлан Коноевди кармап, анын автоунаасын прокурордун санкциясынын негизинде текшергенин, бул иш чара мыйзамын чегинде жүргүзүлүп жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
6-февралда Мирлан Коноев маркум депутат Тынычбек Акматбаевге таандык саналган баасы 85 миң долларлык “Ланд-Крузер” автоунаасын айдап, депутаттын жубайы менен “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнө барганда милиция кызматкерлери тарбынан кармалып, бир нече саатан кийин кайра бошотулган.

XS
SM
MD
LG