Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Спикердин президентти сындаган сөзү нааразылык туудурду


ЖАЛАЛАБАТ. “Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасы Мойдун Мамажановдун айтымында, Өмүрбек Текебаев Пирамида телеканалы аркылуу президенттин беделине шек келтирүүчү сөздөрдү сүйлөгөн. Спикердин сөзүнө нааразы болуп Базаркоргон районунун айыл өкмөттөрүнөн алтымыштан ашык карыя адамдар райондук бийликке келишкен. Алар Өмүрбек Текебаевге акыл насаат айтууну, бийлик менен ынтымакта иштешүүсүн каалашкан. Жогорку Кеңеш төрагасы шайлоочуларынын кеп-кеңештерине кулак салбаса, жакын арада ага каршы нааразылык акцияларын өткөрө тургандыктарын жана депутаттыктан чакыртып алуу үчүн кол топтой тургандыктарын билдиришкен. Райондун акими Айтмамат Осмонов алардын талабын парламент башчыга жеткирерин маалымдады.

XS
SM
MD
LG