Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

ЖК төрагасы отставкага кетүү ниетин билдирди


БИШКЕК. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок спикер бул тууралуу расмий жарыялай элек. Каныбек Иманалиев жана Темирбек Сариев өңдүү депутаттар анын отставкасы парламентти кризиске алып келет, ошондуктан спикердин кетишине жол бербөө керек деп белгилешүүдө.
Спикер түштөн кийин парламентте бир нече депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жабык эшик артында болгон бул сүйлөшүүгө Кубатбек Байболов, Жантөрө Сатыбалдиев, Темирбек Сариев катышты. Депутат Кубанычбек Исабековдун айтымында, 7-февралда парламент төрагасы Өмүрбек Текебаевдин президентке карата айткан сөзүн көпчүлүк депутаттар туура эмес деп белгилешип, президенттен кечирим суроо керек деп акыл айтышкан.

XS
SM
MD
LG