Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Жетиөгүз райондук салык инспекциясы 47 миллион сом доолап Кумтор алтын ишканасын сотко берди


БИШКЕК. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Жетиөгүз районунан шайланган депутаты Кубанычбек Исабеков 8-февралда билдирди. Анын айтымында жер салыгын 1994-жылдан бери төлөбөй келген үчүн жана айлыкты бийик тоо коэффициенти менен төлөбөй эмгек кодексин бузган деген эки айып менен райондор аралык экономикалык сотко доо арыз тапшырылды. Аталган компания райондук акимчилик менен келишим түзүп, жер салыкты жайыт жер катары төлөп келген. Мыйзамга ылайык өнөр- жай обьектиси катары төлөгөндө буга чейин казынага дагы 45 миллион сом киреше кирмек. “Кумтөр” ишканасы жылыга маяна үчүн 30 миллион доллар которот. Анын 17 миллиону иштегендердин 5 пайызын түзгөн чет мамлекеттик адистерге сарпталса, калган 13 миллион доллар жумушчулардын 95 пайызын түзгөн жергиликтүү адистерге төлөнөт. Депутаттын айтымында, чет мамлекеттик бир адис 20 миң доллар айлык алса, жергиликтүү жумушчулар андан 100 эсе аз айлык алышууда.

XS
SM
MD
LG