Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:46

Палестина Израил менен жарашышы мүмкүн, бирок...


Палестинадагы согушчул ХАМАС тобунун лидери Халед Мешаал бүгүн Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, “Эгерде Израил 1967-жылдагы согуш учурундагы чек-арага кайтып, палестиндердин укугун тааныса, анда Палестина да акырындап аны менен жарашууга бара тургандыгын” билдирди.
ХАМАСтын Палестинадагы жана чет-мамлекеттерде куугунттукта жүргөн лидерлери бул күндөрү Египеттин баш калаасы Каирге чогулушкан. Алар Палестинанын жаңы өкмөтүн түзүү маселесин талкуулашты.
“Ассошиэйтед Пресс” маалымат агенттиги ХАМАСтын айрым лидерлерине шилтеме жасап: “Жаңы өкмөттү башкаруу милдетине согушчул топ Жамал ал-Худайрини тандап алганын” жазды. Худайри - газалык ишкер.
Азырынча ХАМАС Палестинанын президенти Махмуд Аббаска эч кандай таклип жасай элек.

XS
SM
MD
LG