Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Мухаммад пайгамбарга карата “жаңы” карикатуралар пайда болду


Мухаммад пайгамбарга тартылган шылдың иретиндеги сүрөттөрдүн айынан чыккан жаңжал дагы күчөй баштады. Бүгүн франциялык журналдардын бири Мухаммад алайхиссаламга тартылган 12 карикатуранын баарын калтырбай көчүрүп басты, анысына кошумча өзүнүн да бир азил сүрөтүн кошту. Ал сүрөттө Мухаммад алайхиссалам ыйлап: “Келесоолордун урматына жетүү кыйын” деп турганы тартылган.
Басылма, аны менен катар, башка диндердин да, христиандар менен иудейлердин да, ыйыктарына карикатураларды тартып чыгарды.
Франциядагы бир катар исламчыл уюмдар журналда Мухаммад пайгамбарга тартылган сүрөттөрдү чыгарттырбоого аракет кылышкан. Бирок мындан пайда чыккан жок¸анткени журнал сотту жеңип алды. Ушу тапта ал журналдын редакциясын коргоо күчөтүлгөн. Анын аралыгында, Франциянын Багдаттагы элчилиги ишин төрт күнгө токтото турууну чечти.
Мухаммад пайгамбарга тартылган карикатуралар, алгач, былтыр Даниядагы гезитте басылган эле. Бирок соңку күндөрү аларды бир катар европалык басылмалар көчүрүп чыгарышкандан кийин мусулман дүйнөсүндө ага каршы демонстрациялар күчөдү. Ооганстанда бир канча күндөн бери уланып жаткан наарызылык акцияларында бүгүн төрт адам өлүп, тогузу жаракат алды. Бул окуя өлкөнүн Забул провинциясындагы Калат деген шаарда болду. Демонстранттар полицияга таш ыгыта башташканда, алар адамдарга ок чыгарышкан. Мына ушундай эле окуя 7-ноябрда да болуп, анда да төрт адам көз жумган эле. Ислам конференциясы уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана Еврошаркет биргелешкен билдирүү жасап, мунасага келүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG