Ирактын шайлоо комиссиясы кечээ күнү билдиргенге караганда, 15-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун бекитилген жыйынтыктары 10-февралда жарыяланат. Расми эмес жыйынтыктар боюнча, шайлоодо шийи жана күрд уюмдары жеңип чыккан, бирок өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүү үчүн талаптуу добуштарды алар чогулта алган эмес. Парламенттеги 275 орундун элүү сегизи сунни мусулмандарына тийген.