Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

АКШ мамлекеттик катчысы Сирия менен Ирандын жетекчилигин күнөөлөп чыкты


АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ күнү Вашингтон шаарында Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни менен жолуккандан кийин Иран менен Сирия жетекчилигин күнөөлөп чыкты. Анын айтымында, бул мамлекеттердин жетекчилиги антиевропалык митингдерге колдоо көрсөтүүдө: "Түзүлгөн абалдан пайда таап калууну көздөгөн өкмөттөр да бар. Сирия же Ирандын мисалын алсак болот, менде ал тууралуу эч шек жок. Ирандыктар өздөрү деле жашырган жок, Сирия менен Ирандын жетекчилиги өз максатын көздөп, элди делөөрүтүп жатат", - деди Райс айым. АКШ жетекчилиги көптөн бери - Сирия менен Иран өкмөтү эл аралык террорчулукту колдойт деп айтууда.

XS
SM
MD
LG